С.Б. Данияров атындагы КГМИПжПКнын ординатурасына кош келиңиздер!

Ординатурага кабыл алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

  1. Ректордун атына белгиленген үлгүдөгү бланкта жазылган арыз (арыздын бланкы Кабыл алуу комиссиясынан берилет).
  2. Өмүр баян.
  3. Кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча.
  4. Жеке күбөлүктүн көчүрмөсү жана түп нускасы.
  5. Медициналык жогорку окуу жайын бүтүргөндүгү тууралуу дипломдун көчүрмөсү жана түп нускасы же деканаттан берилген маалымкат.
  6. Дипломго тиркеменин көчүрмөсү жана түп нускасы.
  7. Ден соолугунун абалы жөнүндө маалымкат (086/У формасы), бардык графалары толук толтурулган болушу керек.
  8. Аскердик билеттин же каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү жана түп нускасы.
  9. 3×4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт (кесилген түрдө). Сүрөттөр үстүбүздөгү календардык жылы тартылган болушу керек.
  10. Документтердин топтому С.Б. Данияров атындагы КГМИПжПКнын Кабыл алуу комиссиясына кыргыз тилине которулуп тапшырылат.

Ординатура тууралуу