С.Б.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра  даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун

Манас таануу –МЕДМАМТИЛ доценттик курсунун

КММКДжКЖИде тил саясатын өркүндөтүү, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, документ (иш кагаз) жүргүзүүнү электрондук мамлекеттик тилге өткөрүү, ошондой эле саламаттык маданият жана Манастаануу идеологиясын  жайылтуу болуп эсептелет.

КР “Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын негизинде КР Саламаттык сактоо министрлигинин буйруктарын аткаруу максатында иш кагаздарын мамлекеттик (кыргыз) тилде жүргүзүүнү окутуп үйрөтүү, окуу программаларын түзүү жана өркүндөтүү, окутуунун илимий методикалык  негиздерине терең көңүл буруу. КР ССМин тармагындагы кызматкерлерине  (дарыгер, медайым, кадр бөлүмүнүн жана иш алып баруучу кызматкерлерине, колледждердин окутуучулары менен студенттерине ж.б.) мамлекеттик тилде билимин  жогорулатуу болуп эсептелет.

  • Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү окутуп, үйрөтүү окуу планы боюнча кыргыз тилин мамлекеттик тил катары үйрөтүү, иш кагаздарын мамтилде алып барууну өздөштүрүү
  • Окуу программаларын түзүү жана өркүндөтүү, окутуунун илимий

методикалык негиздерине терең көңүл буруу

  • мамтилде (кыргыз тилинде) иш кагаздарын жүргүзгөндө, терминдерди

өздөштүрүүнү үйрөтүү

  • мамтилде (кыргыз тилинде) сүйлөп, пикир алышып, өз оюн баяндай

билүүсүнө, өзү окуган же уккан маалыматты оозеки жана жазуу түрүндө бере алуусуна көнүктүрүү жана андан ары тереңдетип үйрөтүү шыктарын арттыруу

  • Кыргыз тилин үйрөнүү коммуникативдик принципке интерактивдик

методдорго негизделип, окуу программаларды комплекстүү түрдө жеңилден оорго карай берип, синтаксистик конструкциялар, сүлөмдөрдүн моделдерин сунуштоо

  • Иш кагаздарын электрондук окутуу.
  • Кеп кызматынын түрлөрү боюнча сүйлөй билүүгө, кеп салып маектешүүгө

жетишүү

  • Орус тилинен кыргыз тилине которуунун принциптерин үйрөтүү