КММКДжКЖИ

Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту (КММКДжКЖИ) – Кыргызстандын саламаттык сактоо системасында иштеген дарыгерлердин, медициналык айымдардын жана башка адистердин үзгүлтүксүз медициналык билим берүү системасын ишке ашырган мамлекеттик жогорку билим берүүчү мекеме. КММКДжКЖИ 1992-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому аркылуу негизделген. Ошондой эле, КММКДжКЖИде дипломдон кийинки билим берүү программалары фармацевтикалык адистердин квалификациясын жогорулатууга багытталган кошумча кесиптик үзгүлтүксүз билим берүү жана дипломдон кийинки билим берүүнүн башкы мекемеси.

Миссиясы

Коомдун жана калктын муктаждыгын канааттандыруу жана практикалык саламаттык сактоо секторунун талаптарын эске алуу менен медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлерге далилдүү медицинага жана инновациялык технологияларга негизделген теориялык билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү  берүү.

Институттун алдыга көз карашы

КММКДжКЖИ коом менен калктын кызыкчылыгын канааттандыруу үчүн саламаттыкты сактоонун көйгөйлөрүн натыйжалуу чечүүгө жөндөмдүү, инновациялык технологияларды өздөштүрө билген, кызыкдар болгон жактардын талап, кызыкчылыктарына жооп берген медициналык жана фармацевтикалык адистердин квалификациясын жогорулатууга багытталган кошумча кесиптик үзгүлтүксүз билим берүү жана дипломдон кийинки билим берүүнүн башкы мекемеси.

КММКДжКЖИнин 2022-2026-жж. карата өнүгүүнүн стратегиялык иш-планы

КММКДжКЖИ жана анын Түштүк филиалынын өздүк отчету