Кыргызский государственный медицинский институт переподготовки и повышения квалификации им. С.Б.Даниярова


https://zdorovie.akipress.org/news:2473150





С. Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту 2025-жылы ири көлөмдөгү билим берүү программаларын ишке ашырып, эл аралык кызматташтыкты чыңдап, чет өлкөлүк эксперттердин катышуусу менен илимий иш-чараларды уюштурду.
Дипломдон кийинки билим берүү
Отчеттук мезгил ичинде институт дарыгерлер, медайымдар, акушерлер жана фельдшерлер үчүн квалификацияны жогорулатуу, адистештирүү жана тематикалык өркүндөтүү боюнча ондогон окуу циклдерин өткөрдү.
Окутуунун негизги багыттары төмөнкүлөрдү камтыды:
* анестезиология;
* стоматология;
* педиатрия;
* пульмонология;
* инфекциялык көзөмөл;
* медайымдык иш.
Практикага багытталган окутууга жана объективдүү структураланган клиникалык экзамендерди (ОСКЭ) өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Эл аралык кызматташтык
EMIRMED эл аралык университети (Казакстан Республикасы) менен кызматташтык
Институт Казакстан Республикасынын EMIRMED Эл аралык университети менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду.
Макулдашуу дипломдон кийинки медициналык билим берүү тармагындагы өз ара кызматташууну өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга, ошондой эле биргелешкен билим берүү жана илимий-практикалык иш-чараларды өткөрүүгө багытталган.
Япония, JICA жана дүйнөлүк тажрыйбаны киргизүү
2025-жылы институт эл аралык кызматташтыгын кыйла кеңейтти.
Маанилүү окуялардын бири институттун делегациясынын Японияга болгон иш сапары болду. Делегациянын курамына ректор Р. А. Курманов жана институттун окутуучулары кирди.
Иш сапардын жүрүшүндө JICA менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлуп, ал саламаттык сактоо тармагында биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашырууга жана тренерлерди даярдоого багытталды.
Мындан тышкары, делегация Токиодогу Yakuzenmi окуу борборунда билим алып, стратегиялык пландаштыруу, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча заманбап ыкмалар менен таанышты.
Билим берүүнү санариптештирүү жана жаңы мүмкүнчүлүктөр
2025-жылы институт Dori Digital билим берүү платформасы менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Бул келишим угуучуларга жана окутуучуларга квалификацияны жогорулатуу боюнча онлайн-курстарга, ошондой эле эл аралык сертификаттарды алуу мүмкүнчүлүгүнө жол ачты.
«Медицина жана илим – жаңы горизонттор 2025» эл аралык конференциясы
2025-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаарында Кыргызстан, Россия, Казакстан, АКШ жана башка мамлекеттерден келген адистердин катышуусунда «Медицина жана илим – жаңы горизонттор 2025» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
Конференциянын катышуучуларынын арасында АКШдан профессор Roger Snyder, Россиядан профессор А. А. Хрянин, медицина илимдеринин доктору Р. А. Новиков, ошондой эле Казакстандын өкүлдөрү Р. Т. Шерханов жана Д. К. Кенжерахманов болушту.
Конференциянын негизги темалары төмөнкүлөр болду:
* далилдүү медицина;
* дисциплиналар аралык кызматташуу;
* диагностикадагы инновациялык технологиялар;
* саламаттык сактоо системасын башкаруунун заманбап ыкмалары.
Институттун эксперттик ишмердүүлүгү
КММИКЖКИнин окутуучулары жана жетекчилиги эл аралык форумдарга, эксперттик талкууларга жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы чыгып сүйлөөлөргө активдүү катышышты.
Ректораттын кеңешинин жыйындары институттун стратегиялык өнүгүү багыттарын аныктоого жана билим берүү программаларын мындан ары өркүндөтүүгө өбөлгө түздү.
2025-жылдын жыйынтыгы
2025-жыл С. Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун дипломдон кийинки медициналык билим берүү тармагындагы алдыңкы билим берүү мекемеси катары өзгөчө макамын дагы бир жолу тастыктады.
Ишке ашырылган билим берүү программалары, кеңейтилген эл аралык өнөктөштүк, санариптик технологияларды киргизүү жана илимий ишмердүүлүктүн өнүгүшү институттун билим берүү жана илимий потенциалын кыйла бекемдеп, медициналык кадрларды даярдоонун сапатын жаңы деңгээлге чыгарды.
Институт мындан ары да эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө, алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаны жайылтууга жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасы үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган ишин улантат.
In 2025, the S.B. Daniyarov Kyrgyz State Medical Institute of Retraining and Advanced Training successfully implemented large-scale educational programs, strengthened international partnerships, and organized scientific events with the participation of leading international experts.
Postgraduate Medical Education
Throughout the year, the Institute conducted dozens of professional development, specialization, and continuing medical education programs for physicians, nurses, midwives, and paramedics.
The key areas of training included:
* Anesthesiology;
* Dentistry;
* Pediatrics;
* Pulmonology;
* Infection Prevention and Control;
* Nursing.
Particular emphasis was placed on practice-oriented education and the implementation of the Objective Structured Clinical Examination (OSCE) to ensure high standards of clinical competency assessment.
International Cooperation
Partnership with EMIRMED International University (Republic of Kazakhstan)
The Institute signed a Memorandum of Cooperation with EMIRMED International University (Republic of Kazakhstan).
The agreement aims to strengthen collaboration in postgraduate medical education through the exchange of professional experience and the organization of joint educational and scientific events.
Cooperation with Japan and JICA
One of the most significant achievements of 2025 was the expansion of the Institute’s international cooperation.
A delegation led by Rector R.A. Kurmanov, together with faculty members, visited Japan as part of an official working mission.
During the visit, the Institute signed a Memorandum of Cooperation with the Japan International Cooperation Agency (JICA) to support joint educational initiatives and the training of healthcare educators.
The delegation also completed a professional training program at the Yakuzenmi Training Center in Tokyo, where participants studied modern approaches to strategic planning, healthcare quality improvement, and healthcare management.
Digital Transformation of Education
The Institute signed a Memorandum of Cooperation with the Dori Digital educational platform, providing faculty members and healthcare professionals with access to online continuing education courses and internationally recognized certification opportunities.
International Scientific Conference
On 14 November 2025, Bishkek hosted the International Scientific and Practical Conference “Medicine and Science – New Horizons 2025.”
The conference brought together leading healthcare professionals and researchers from Kyrgyzstan, Russia, Kazakhstan, the United States, and other countries.
Among the invited speakers were Professor Roger Snyder (USA), Professor A.A. Khryanin (Russia), Professor R.A. Novikov, as well as representatives of Kazakhstan R.T. Sherkhanov and D.K. Kenzherakhmanov.
The conference addressed a wide range of topics, including:
* Evidence-Based Medicine;
* Interdisciplinary Approaches in Healthcare;
* Innovative Diagnostic Technologies;
* Modern Healthcare Management.
Expert Activities
The Institute’s faculty members and leadership actively participated in international forums, expert panel discussions, and media events.
Meetings of the Rector’s Council contributed to defining the Institute’s strategic priorities and further improving the quality of postgraduate medical education.
Results of 2025
The achievements of 2025 reaffirmed the status of the S.B. Daniyarov Kyrgyz State Medical Institute of Retraining and Advanced Training as one of the leading institutions for postgraduate medical education in the Kyrgyz Republic.
The successful implementation of educational programs, expansion of international partnerships, digital transformation initiatives, and active scientific engagement have significantly strengthened the Institute’s educational and research capacity while contributing to the training of highly qualified healthcare professionals.
The Institute remains committed to expanding international cooperation, implementing global best practices, and continuously improving postgraduate medical education for the benefit of the healthcare system of the Kyrgyz Republic.