Кыргызский государственный медицинский институт переподготовки и повышения квалификации им. С.Б.Даниярова
11-апрель, 2024-ж. С. Б. Данияров атындагы КМКДжКЖИнин ректордук кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү. Ректордук кеңештин күн тартибинде институт үчүн көптөгөн маанилүү темалар көтөрүлдү. Биринчи кезекте С.Б. Данияров атындагы КМКДжКЖИнин ректору Р.А. Курманов тарабынан эл аралык кызматташуу боюнча программаларды ишке ашыруу боюнча пландар, аспиранттар менен докторанттардын илимий публикациялары, айрым кафедралардын окуу пландарына толуктоолор каралды.
Ректор Р.А. Курманов институттун стратегиялык өнүгүү багыттарын белгилеп, институттун жаш окумуштууларынын билимине өзгөчө көңүл бурду. Университеттин илимий-изилдөө мекемелерин мамлекеттик аттестациялоого/аккредитациялоого жана Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайларынын илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнө даярдыгы маселеси көп тараптан каралды. Окуу иштери боюнча проректор В.А. Абдылдаева отчет берип, анын жыйынтыгы боюнча айрым маалыматтарды толуктоо керек деген тыянакка келишти.