Кыргызский государственный медицинский институт переподготовки и повышения квалификации им. С.Б.Даниярова
Карылык ар кандай жолдор менен пайда болушу мүмкүн болгон табигый процесс.
Карылык көйгөйлөрү аялдарга гана эмес, эркектерге да тиешелүү. Болжол менен 40 жашта алардын организминде тестостерон, эркек гормонунун деңгээли төмөндөйт. Тестостерон деңгээлинин өтө эрте же өтө тез төмөндөшү эркектердин эрте картаюсуна алып келет. Мындай өзгөрүүлөр башка гормондордун балансынын бузулушуна, кан тамырлардын жана жүрөктүн нормалдуу иштешинин бузулушуна, жыныстык функциянын алсызданышына, зат алмашуунун, сөөктүн жана теринин түзүлүшүнүн өзгөрүшүнө алып келет. Бул мезгилде организмде простата безинин жана башка эркектердин көйгөйлөрүнүн өнүгүшү үчүн оптималдуу шарттар түзүлөт.
Эрте картаюнун тобокелдик факторлору;
-Кант диабети.
-Артериялык гипертония.
-Жүрөк жана кан тамырлардын ар кандай оорулары.
-Семирүү.
-Невроз же депрессия.
-Алкоголизм
-Жашоо жана эмгек шарттары
Активдүү карылыктын улуттук саясаты төмөнкү негизги артыкчылыктарды кабыл алууга негизделет:
-Улгайган жарандардын ден соолугу;
-Карылыкта коопсуз жана татыктуу жашоо;
-Активдүүлүк жана коомго аралашуу.
Кыргызстанда орточо жашоо узактыгы 70 жашты түзөт. Белгилей кетсек аялдар узагыраак 74,2 жаш ал эми эркектер 66 жаш жашашат.
Биринчи радионун “Радиоклиника” программасында “Эркектердин эрте картаюсунун алдын алуу” деген темада
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору, профессор, С.Б. Данияров атындагы КММКДжКЖИ геронтология жана гериатрия курстарынын башчысы кардиолог Гүлмира Баитова кененирээк айтып берди.
Эфирге шилтеме: https://www.facebook.com/share/v/ozfef1CSi2EwhoDb/?mibextid=WC7FNe