Кыргызский государственный медицинский институт переподготовки и повышения квалификации им. С.Б.Даниярова
Ден — соолук сыры тиштен байкалат. Анткени бузулуп, түшө баштаган тиш күлгөндө, сүйлөгөндө адамдын жүзүн бузуп гана койбостон, көп оорулардын бар экендигинен кабар берет. Тиш ооруларынын пайда болушунда тишке чогулган микроорганизмдер көп заттар чоң мааниге ээ. Алар тишти жакшы күтпөгөн учурда ташка айланып, бүйлөнү сезгентет (стоматит). Чириген тиште катуу ткандын бузулушунда микроорганизм катышып, аны дарылабаса пульпитке, ал тургай периодонтитке өтүп кетиши мүмкүн. Балдардын сүт тиши бат чирийт. Сүт тиштерди эрте алып салуудан балдардын тишинин өөрчүшү бузулат.
ТИШ ООРУЛАРЫНЫН АЛДЫН АЛУУ
• 1 жашка чейинки балдардын тишин, ооз ичин апалары таза дакини колго ороп алып тазаласа болот.
• 1 жаштагы баланын тишин ата-энеси атайын чыгарылган резина щётка менен тазалап берсе, 2 жаштан баштап балага тишти жууну үйрөтүү керек. Балдар үчүн атайын пасталар бар, аларды балдар жутуп алса ашказанына зыян келтирбейт. Ошолордон алып берүү кажет.
• Жылына 2 ирет стоматологдун текшерүүсүнөн өтүп туруу сунушталат.
• Тишти агартуучу каражаттарды көп колдонбоо, тиштин түбүндөгү таштарды бир жылда 1-2 жолу тазалатып туруу кажет.
• Тишти 2-3 маал жууп, чай, тамак ичкенден соң чайкоо зарыл.
• Тиштин эмалы кетпеши үчүн сөөк же башка катуу нерселерди кемирүүгө, семичке, жаңгак чагууга болбойт.
Бугун УТРК Биринчи радиосунда «Радиоклиника» программасында балдардын тиш оорулары жана стационарларда кандай жардам көрсөтүлөт деген темада С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институтунун стоматология кафедрасынын доценти, м.и.к. Талант Абдышев катышууда.