Кыргызский государственный медицинский институт переподготовки и повышения квалификации им. С.Б.Даниярова
С. Б. Данияров атындагы КММКДжКЖИ саламаттык сактоону башкаруу жана экономика бөлүмү 2024-жылдын 5-февралынан баштап бюджеттик негизде саламаттык сактоо уюмдарынын резервдеги кадрларын кесиптик кайра даярдоо курстарын өткөрүп келет. Чүй, Жалал-Абад жана башка облустарынын, Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарынын 20 жетекчиси, ошондой эле жеке клиникалардын жетекчилери медициналык уюмду башкаруу, каржылоо, экономика жана саламаттыкты сактоо системасы боюнча билим алышат. Натыйжада 3,5 ай аралыгында жетекчилер жүрүм-турум жана чечимдерди кабыл алуу, стратегиялык пландаштыруу, ишкердик байланыштын негиздери, медициналык кызматтын сапатын башкаруу, мекемесинин ишмердүүлүгүн системалуу талдоо, ошондой эле медициналык кызматкерлердин укуктарын коргоо тууралуу билим алышат . Курсту аяктагандан кийин тийиштүү түрдөгү сертификат берилет.